Таласта аюуларды атты деп шектелген жаран үй камагына алынды

Таласта Тянь-Шань күрөң аюусун мамалагы менен атууга шектелген жаран үй камагына алынды. Бул тууралуу облусттун ИИБинен маалым болду.

Маалыматка ылайык, чечим Бакай-Ата райондук соту тарабынан чыгарылган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Кызыл китепке кирген жаныбарды аткан чабандын мыйзамсыз иш-аракети ушул жылдын 11-сентябры күнү Айлана-чөйрөнү жана токой чарбачылыгын коргоо агенттиги тарабынан ачыкка чыккан. Тергөө учурунда Бакай-Ата районунун 36 жаштагы тургуну атылган аюу ал кайтарган 25 койду жеп койгондугун, ошондуктан атууга мажбур болгонун айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген