Талас-Тараз жолундагы кырсыктан 2 адам каза болуп, экөө жараат алды

Окуя 2-июль күнү Талас облусунун Кара-Бура районундагы Талас-Тараз  унаа жолунун 58-чакырымындагы Бейшеке айылы  болгон. Анда Ауди жана Хонда Степ  үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.  Жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду.  Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады. 

Каза болгондордун экөө  “Ауди” үлгүсүндөгү унаадагы 1955-жана 1959-жылы жылы туулган жарандар болгон. Оор жараат алган  7 жашар бала жандандыруу бөлүмүнө жеткизилген.

“Ал эми “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу да  оор жаракат алган. Куткаруучулар жол кырсыгынына жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришип, каза болгон адамдарды райондук өлүк сактоочу жайга жеткиришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда каза болгон жарандар менен жабыркагандардын өздүктөрү такталууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген