Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев кайра кызматына кайтты

Бүгүн, 8-октябрда Талас шаарында Марат Мураталиевди колдоо митинги өтүп, ал кайрадан өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келди.

Марат Мураталиев ушундай кырдаалда элге кызмат кылуу керектигин айтат.

“Башаламандык башталгандан кийин 6-октябрда белгисиз адамдар келишип, мэрияны бошотууну талап кылышкан. Мындан улам тынч эле чыгып кеткем, арыз жазган эмесмин. Элге рахмат, менин келишимди талап кылып, тынчтык митингине чыгышты. Ушундай кырдаалда элге кызмат кылыш керек. Жаң өкмөт түзүлгөнгө чейин ишибиз кадимкидей эле улана берет”, – дейт Мураталиев.

Буга чейин Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген