Талас облусундаа ГЭС куруу пландалууда

Талас облусундагы Киров суу сактагычына ГЭС куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев болочок ГЭСтин кубаттуулугу 30 мегаватт болорун билдиргени айтылат.

Станциянын курулушу ирригациялык системага эч кандай таасирин тийгизбейт.

Баасы 22 миллион долларга бааланууда. Учурда геодезиялык иштер жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.