Талас менен Чүйдө 3 киши сууга чөгүп кетти

Алардын экөөнүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Дагы бирин издеп жатышат.

“Таластын Кара-Буура районунун 18 жаштагы тургуну 29-майда сууга чөгүп кеткен. Анын сөөгүн ошол эле күнү куткаруучулар таап чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти. Мындан сырткары, 29-майда Чүйдө дагы 31 жаштагы тургун сууга түшүп кетип, жансыз денесин алып чыгышты”,-деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Мындан сырткары, Таласта 18 жаштагы сууга агып кеткен кызды издеп жатышат. Ага 12 куткаруучу тартылды. Бирок табыла элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.