Талапкерге депутаттар кандай сунуштарды беришти?

Ош шаардык Кеңешиндеги фракция лидерлери талапкерге сунуш- пикирлерин билдиришти. 

Эң алгач эле сунушту КСДП партиясы берип, анда шаардын бюджетин көтөрүп, экологияга көңүл бурууга чакырды.

Ал эми “Бир бол” фракциясы келечектеги мэр менен чогуу иштешебиз деген сунушун билдирсе, “Кыргызстан” партиясындагы депутаттар таштанды полигионунун маселесин биринчи кезекте чечсе жакшы болоорун айтышты. Андан тышкары өзгөчө балдарга шарт түзүп берүүнү сунушташты.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы Ак буура даярысынын боюндагы мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу керектигин айтты.

“Республика Ата Журт” фракциясынын өкүлдөрү Ош шаарынын аймактарына көңүл буруп, таза суу, канализация маселесин чечүү сунушун беришти.

Ал эми “Өнүгүү Прогресс” шаарга караган мекемелердеги кадрларга көңүл бурууга жана ишкерлерди колдоо үчүн инвестиция тартууга чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген