Таксист Аким Токторбаев жума күндөрү элди акысыз ташыйт

Унаасы менен эл ташып тиричилик  өткөргөн катардагы айдоочу Аким Токторов бул акцияны январь айында баштаган. Ал жума күндөрү жүргүнчүлөрдөн кызмат үчүн акы албайт.

“Кудайга шүгүр, балдарымдын баарын үйлөп-жайлап бүттүм. Эми кезек соопчулук иштерде, акыретке да иштеп койолу эми. Мен ушул ишти ниет кылып койдум эле, мына аткарып жатам. Башкалар да мени көрүп, муну улантар”, – дейт Токторбаев.

Ал акысыз кызмат кылган күнү 20 литр күйүүчү май коротуп, 6-7 адамды өз дарегине жеткирет. Унаага чыккандардын басымдуусу аэропортко ары-бери каттагандар. Мындан улам бул айдоочуну көпчүлүк биле бербейт. Акысыз кызматка ишенбегендер да болот.

Аким Токторбаев –  жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган  Оштогу жалгыз айдоочу. Айт майрамдарда коомдук унаалар элди бекер ташыган акциялар болуп турат.

Журналист: Марат Акимбек уулу

Видео: Бактыяр Асилбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген