Такси айдоочуларынан ар бир кардар үчүн 2 пайыздан алынышы мүмкүн

Өкмөт такси айдоочуларынан ар бир буйрутма үчүн 2 пайыздан алууну көздөп жатат. Бул тууралуу салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна негиздеме күбөлүгүндө айтылат.

Анда маалым болгондой, жаңы салык кодекси такси кызматтары үчүн бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн салык системасын сунуштайт. Анда ар бир такси чалуунун 2 пайыз салык түрүндө бюджетке түшөт.

Белгилей кетсек, экономика министрлиги салык кодексинин жаңы редакциясын 2022-жылдын 1-январынан тарта киргизүүнү көздөөдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.