Жээнбеков өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде банктын президенти Бандар Хажжар менен телефондон сүйлөшүп, коронавирустун жайылышынын социалдык-экономикалык залакасын жумшартыш үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Жээнбеков Апрель революциясынын баатырларын эскерди. Фоторепортаж

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, элдик  Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жээнбеков парламенттик демократияны бекемдөөгө убада берди

Президент апрель революциясы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө түркү болгонун айтып, мындан ары да парламенттик демократияны бекемдөөгө убада берди.

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугуп, коронавирустан улам өлкөдөгү жагдайды жакшыртыш үчүн финансылык жардам сурады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады...

Жээнбеков чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилери, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңеши өтүп жатат.

Жээнбеков Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Абу-Дабиде курман болгон жоокерлердин мемориалына гүлчамбар койду

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жоокерлердин мемориалына гүлчамбар койду.

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
load more