Өзбекстанда жарылуудан эки киши мерт кетти. Видео

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Термез шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, эки киши каза болду. Өрт коопсуздугу башкармалыгы билдиргендей, маркумдар жаңы салынган үйгө аз убакыт мурун эле көчүп келишкен.

Ошто май куюучу жайда жарылуу болду. Видео

Ош шаарынын Курманжан Датка (Юго-Восток) кичи шаарчасында май куюучу жайда жарылуу болду. Натыйжада, катуу жарылуудан жакын аралыктагы үйлөрдүн айнектери сынып түшкөн. Бул тууралуу “Ынтымакка” өздүк булак билдирди.

Колумбия: порттогу катар жарылуу 6 кишинин өмүрүн алды

Колумбиянын Картахена шаарындагы портто катар жарылуу болуп, кеминде 6 кишинин өмүрү кыйылды. Андан сырткары 20дан ашууну жараат алганы айтылууда. Учурда кырсыктын себептери такталууда.
load more