Лейлекте май куюучу жайдагы өрттө Кыргызстан жана Тажикстан жарандары жабыркады

Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрттөн төрт киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары.

Депутаттардын пенсияга чыгууну жөнөкөйлөтүү сунушу жактырылды

Эми жарандардын пенсияга чыгыш үчүн керектүү документтери мамлекет тарабынан даярдалат. Бул боюнча мыйзам долбоорду депутаттар сунуштап, сунуш экинчи окуудан өттү.  

Унааларды каттоого март-май айларында 3-4 эсе жеңилдик берилет

Автоунааларды жарандардын өз атына каттатышына үч ай бою жеңилдик берилет. Март-май айларында жарандар транспорт каражатын 600-700 сомго өз атына өткөрө алат. Бул адаттагыдан үч-төрт эсе арзан.

Бишкек милициясы кызматкерлерди жумушка чакырат

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы Кайгуул күзөт кызматынын полку кайрадан негизделгенине байланыштуу 30 жашка чейинки жарандарды кызматка чакырууда. Негизги талаптардын бири аскер кызматын өтөгөн, аскер билети бар, катардагы кызматка жарамдуу жа...
load more