Түркия Ош облусуна жер семирткич чыгаруучу завод курат

Түркия, Ош облусуна химиялык эмес (биогумустук) жер семирткичтерди жана малды бордоп семиртүүгө багытталган азыктарды чыгаруучу завод курат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков: ишкерлер өлкөдө эң кадырлуу адамдар болушу керек

“Биздин өлкөдө аймактарда ишканаларды ачкан, жумушчу орундарын түзгөн жана мамлекеттин казынасына киреше алып келген таза ишкерлер эл тарабынан урматталган, эң кадырлуу адамдар болушу керек», – деп белгиледи президент бүгүн, 2-ноябрда Ош ...

Кара-Сууда ташты иштетүүчү завод ачылды

Кара-Суу районунда ташты кайра иштетүүчү “Умар Групп” деген завод ачылды.  Ишкананын ачылышына вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдор катышты. 

Өкмөт: Цемент заводунан түшкөн салык Баткен менен Ноокатка тең бөлүштүрүлөт

Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан  «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык  мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы ортосунда 50% үлүштө бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты маалымда...

Ошто жаш ойлоп табуучулар заводдордун макетин жасашты

Ош шаарында өткөн “Биз  XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз-2018” эл аралык сынагынын облустук этабында райондордон келген жүздөн ашык окуучу техника-заводдордун, шаар конструкциясынын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Аны менен катар буюм-тайымдардын, аппараттарын...

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автобус чыгарууга макулдашты

Ташкентте өткөн “Өзбекстан-Кыргызстан” бизнес-форумунун жыйынтыгы менен биргеликте автобус чогултуу жана айыл чарба техникаларын чыгаруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирүүдө.

Ала-Букада желим баштыктарды кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда полиэтиленди кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Анда таштандыга ыргытылган баштыктарды чогултуп, ар түрдүү диаметрдеги суу түтүктөрү жасалат.
load more