Ошто Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүүнү талкулап жатат

Ош шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өтүүдө. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү виза киргизүү маселеси каралууда.

Өзбекстанда 1-январдан тарта чет өлкөгө чыгуу визасы жоюлат

Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берген виза жоюлат. Жергиликтүү ММКлар Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, кийинки жылдан тарта 10 жылдык мөөнөт менен эл аралык паспорт бериле баштайт.

ЕБ кыргызстандыктар үчүн Шенген визасын алууну жеңилдетүүгө ниеттенүүдө

Шенген визасын алуу жөнөкөйлөштүрүлөт, себеби Евробиримдик 2019-жылы Виза кодексин кайра карап чыгат. Бул тууралуу ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Түркия Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визасыз мөөнөттү 90 күнгө көбөйттү

Түркия Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарына өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгү бериле турганын билдирди. Буга чейин бул мөөнөт 30 күндү түзгөн.

Тажикстан менен Өзбекстан 30 күн визасыз катташуу боюнча макулдашты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы кабарлады.

Айдоочулар Кытайга виза алуу үчүн алты айдан бери кезек күтүшүүдө

Кыргызстандан Кытайга оор жүк ташып иштеген айдоочулар виза алуу үчүн алты айдан бери кезек күтүп жатышат. Ага кошумча уруксат кагазын алуунун наркы миң долларга жогорулаганын айтышууда. Жумуштун кечеңдешинен үй бүлөсүн бага албай, карыздары көбөйүп ...

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөдөн чыгуу визасын жоюу, акырындык менен чет өлкө паспортун киргизүү боюнча долбоор даярдалды.

Беш айдан бери Кытайга кире албай жаткандар ТИМге нааразы

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ондон ашуун ишкер Тышкы иштер министрлигине нааразылык билдирип жатышат. Алар өткөн жылдын декабрь айынын бери Кытайга кириш үчүн виза ала албай жүрүшөт. Уруксат кагазын берүүдө эптеп ката таап, убакытты созу...
load more