Лейлектиктер: Сел үйлөрүбүздү талкалады, эми кайда барабыз?

Селден жабыркаган Лейлектин Катраң айылынын тургундары кайда бараарын, кимден жардам сураарын билбей айласы кетип турат. Анткени күтүүсүз келген тилсиз жоо алардын тиричилик буюмдарын эле эмес, үйлөрүн да жарактан чыгарган.

Мекен чегин таштап кетебиз! Айласы түгөнгөн максаттыктардын үнүн ким угат?

Баткен облусунун Максат айылынын түптөлгөнүнө 20 жылдын жүзү болсо да, бул кыштактын жол, базар жана жер көйгөйлөрү чечилбей келет. Буга нааразы болгон Максаттын жашоочулары абал оң жагына чечилбесе, башка жакка көчүп кетишээрин билдиришти.

Чек арадагы чыр тууралуу айыл тургундары айтып берди

Кыргыз- тажик чек арасында чыккан чыр тууралуу окуя болгон айылдын жашоочулары айтып берди. Тургундардын айтымында, тажик чек арачылары келип, бейкапар соода кылып олтурган Максат айылындагы соодагерлерди уруп, сөгүп киришкен. Натыйжада аялдар жана ж...

Базар-Коргондогу жаңы көпүрөнүн ишке кириши окуучулардын көйгөйүн чечти

Базар-Коргон районунда үч жыл мурда жарактан чыккан көпүрө жаңыланды. Ал Кеңеш айыл аймагынын миңдеген жашоочуларын район борбору менен байланыштырып турчу. Өтмөк жарактан чыккандан бери элеттиктер ондогон чакырым жол жүрүп, айланма жол менен каттап ...

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда автобус каттай баштады

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эл аралык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын “УзАвтоТранс” агенттигинен кабарлашты.

Жандыктардын сөөк- саагына толгон Баткендеги таштанды талааны көзөмөлгө алган эч ким жок

Баткен шаарындагы таштандыларды төгүүчү аянт санитардык талаптарга жооп бербейт. Ал жерден таштандылардан тышкары жандыктардын сөөк- саактарын да кездештиргенге болот. Талаанын жан кейиткен абалына ал жерге жакын жайгашкан тургундар нааразы.

Жалал- Абад: Газ куур үчүн казылган жол элди жүдөтүп жатат

Жалал-Абад шаарында нааразычылыктардан улам,бир нече күн мурда газ түтүктөрүн улоо үчүн казылган Ленин көчөсүн жамоо иштери аткарылган эле. Бирок бир апта өтпөй жамалган жолдор кайрадан казылып, унаа тыгындары жарала баштаган.

Сузакта суу кампага бөлүнгөн акча мыйзасыз иштелип кетти

Сузакта суу кампасын жаңылоого бөлүнгөн акча мыйзамсыз иштетилип кетти. Бегабад айылынын тургундарынын айтымында жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом бөлүнүп, былтыр суу кампа  жаңыланып бүтүшү керек эле. Бирок реконструкциялоо иштери жүргүзүлбөдү деп  ...

Жалал-Абад: Тазаланбаган таштанды жашоочуларды түйшөлтүүдө

Жалал-Абад облусунун Черемушка жаңы конушунда таштанды  чыгарылбай жатат. 1 жылдан берки топтолгон чыгынды жагымсыз жыт таркатып элди түйшөлтүүдө. Буга кошо барган сайын таштанды аянттарын кеңейтүүдө. Азыркы тапта жаңы конуштагы таштанды жайландын эк...
load more