Жергиликтүү сотторго судьялар дайындалып, ант беришти

Бүгүн, 11-январда Президенттин  милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун  2021-жылдын 5-январындагы №1, 2 жана 3 Жарлыктары менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары ант беришти.

Судья Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митинг башталды

Интернеттеги социалдык тармактарда жүрүп жаткан виртуалдык митингдин катышуучулары 13 жашар кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарганы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонб...

Соттор алмашты. Тиешелүү Жарлыкка президент кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу (ротациялоо) жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда өлкөдөгү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Сот «Азия Ньюсту» Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» гезиттин редактору Асланбек Сартбаев билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

Биринчи май райондук сотунун «Батукаев иши» боюнча 16-июнда өткөн отурумунда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары шаардык сотко кайрылышат

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеванын адвокаттары Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык ар...

Прокурорлор Сапар Исаковго 20 жыл сурашты

Прокуратура мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча 247 миллион сом айыппул төлөп, жалпысынан мурдагы өкүмдөрүн кошкондо 20 жылга эркинен ажыратылышы керек деп эсептейт.
load more