Референдум боюнча бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты

Референдум боюнча бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты. БШКдан маалым болгондой, өлкө боюнча 2 миң 474 шайлоо тилкесинен протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылып, анын себеби айтылган жок.

БШК: Жаңы тандалган Өлкө башчы 1-мартка чейин ант берүү аземин өткөрүүгө тийиш

Жаңы шайланган өлкө башчысы инаугурациясын шайлоо өткөн күндөн тарта 50 күндүн ичинде өткөрүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинин(БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет.

«Жалпы иш» коомдук фонду: Мурдагы шайлоого караганда шайлоочулар 16,57 % аз катышты

Кыргызстандагы «Жалпы иш» коомдук фонду 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүнө жүргүзгөн мониторингдин баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

БШК: Шайлоодо уткан талапкер бир айдан соң президенттик кызматка киришет

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинин(БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Казакстандын ажосу Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайты жазды.

ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстанда шайлоо таза өттү деп эсептейт

Шанхай кызматташтык уюмунун(ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргыз өлкөсүндө өткөн шайлоону тааныйт экенин миссиянын жетекчиси Владимир Норов басма сөз жыйынында билдирди.

Өкмөт мүчөлөрү Президенттик шайлоодо жана референдумда добуш беришти

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөлөрү КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш беришти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өлкөнүн Вице-премьер-министри  Эльвира Сурабалдиева Биш...

БШК: Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы кечки саат 9да белгилүү болот

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы бүгүн, 10-январда кечки саат 9да белгилүү болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын(БШЕ) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ош облусунун губернатору Жарасул Абдураимов Бишкек шаарында добуш берди

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Бишкек шаарынын 1120 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
load more