Күндүн саны: быйыл көмүрдүн баасы 25 % га кымбаттады

Учурда Ош облусунда бир тонна көмүрдүн баасы беш жарым миңден сатылууда. Бул 2017-жылдын күз айына караганда 25 пайызга кымбат. Муну сатуучулар,  көмүр казган карьерлердеги баанын көтөрүлгөнү менен байланыштырып жатышат.

Отун-көмүр үйдү жылытуунун негизи эмес. Адистердин кеңеши

Кыш жакындаган сайын үйдү жылуулоо ар бир үй-бүлөнүн көңүл борборундагы маселеге айланат. Көпчүлүк отун-көмүрүн камдоо менен алектенип, эң негизги жагдайларды капарына албайт деле. Бир аз ашыкча акча коротуп, башында турак-жайдын чатыры, дубалы жана ...

Баткен: кенчилердин 60%ынын адистиги жок

Баткендеги 3 миңдей көмүр казуучулардын 60%ында адистиги жок. Мындан улам техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай, жыл башынан бери 12 киши каза болду. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 4 учурга көп.

Баткен: көмүрдү кымбат баада саткандар жүз миң сомго чеийн айып пул төлөйт

Баткенде көмүр баасы жөнгө салынып, мындан ары 8, 5 сомго чейин сатыла турган болду. Бааны мамлекеттик монополияга каршы агенттиги кара алтындын көмүр кенинен чыккан баасын, жол чыгымдарын, пайдасын эсептеп бекитти.

Ошто көмүрдүн баасы эки эсеге жогорулады

Ошто октябрь айынын экинчи жарымынан көмүрдүн наркы көтөрүлдү. Азыркы тапта кара алтындын килограммы 6-7 сомго бааланып жатат. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 3 сомго кымбат.

Көмүр шахталарга көзөмөл күчөшү мүмкүн

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча  мамлекеттик инспекциясы шахталарды ар айда текшерип турууну сунуштады. Адистер буга чейин шахталарды жылына бир жолу гана текшергендиктен, көзөмөл жетишсиз болуп, адам өлүмү көбөйдү дешет.
load more