Абылгазиев: 2019-жылы ИДПнын туруктуу өсүшү байкалууда

2019-жылы республиканын ички дүң продукциясы 2018-жылга салыштырмалуу туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Казакстан Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга киргизген чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан ташылчу картөшкөгө, курмага жана алмага салынган убактылуу фитосанитардык чектөөнү алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Ноокаттык дыйкандардын картошкасы сатылбай, чирий баштады. Видео

Быйыл Ноокатта картошка дүңүнөн  3 сомдон 5 сомго чейин сатылууда. Былтыры баа 20 сом болгон. Кардар жоктугунан картошкалар сатылбай, кампаларда  чирий баштады. Бул тууралуу “Ынтымакка”  жергиликтүү тургун Нышанбай Тагаев билдирди.

Кыргызстан Кувейтке эт экспорттоону көздөп жатат. Видео

Учурда Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин эт өндүрүүчулөрү экинчи ирет жолугушту. Анда этти экспортто боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Өзбек тарап Кыргызстандан картошка сатып албай жаткандыгынын себебин айтты

Картошка сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге расмий кол коюлган эмес. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар билдиришти.

Казакстан жарым жылга дизел майын экспорттоого тыюу салат

Жыл аягына чейин Казакстан дизел майын экспорттоого тыюу салат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө жеткирүү боюнча макулдашты. Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан картөшкө импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган.

Өзгөн күрүчүн экспортко чыгаруу токтоду

Өзгөн күрүчүнүн баасы жылдагыдан арзандап кетти. Дыйкандар дүңүнөн килограммын 50 сомдон 70 сомго чейин сатышууда. Ал эми базардагы баасы 80 сомдон 110 сомго чейин. Өткөн жылы бул нарк 15 сомго чейин жогору болгон.

Кыргызстан Сауд Арабия менен Кытайга эт экспорттойт

Сауд Арабия менен Кытай Кыргызстандан  эт азыктарын сатып алууга кызыкдар. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фито-санитардык коопсуздук инспекциясынан билдирди.
load more