Бүгүн учак кырсыгынан каза болгондорго арналган эстеликтин ачылышы болот

Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Дача-Су айылында жүз берген учак кырсыгынан каза болгондорго тургузулган эстеликтин ачылышы болот. Ага өкмөт өкүлдөрү, маркумдардын жакындары жана жергиликтүү тургундар катышат.

Чүйдө 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанда эрте төрөттүн саны жагынан Чүй жана Талас облустары алдыда

Кыргызстанда эрте төрөттүн саны жагынан Чүй жана Талас облустары алдыда. Улуттук статистика комитетинин соңку иликтөөсүнө ылайык, аталган облустар мурдагыдай эле 17 жашка чейинки кыздардын арасындагы төрөт боюнча алдыга чыккан.

Жалал-Абад шаарында эки үй өрттөндү

Жалал-Абадда бир үйдөн өрт чыгып, натыйжада эки үйдүн короо-жайы өрттөлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт 10-декабрда Жалал-Абад шаарынын Рабочая көчөсүндөгү №8 үйдө чыккан. Андан турак- жайдын 68 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Тилс...
load more