2021-25-жж аралыгында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат

Кыргызстанда 2021-25-жылдар аралыгында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Муну менен 40 миң балада мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кытайда бала бакчадагы кол салуудан ондогон адам жаракат алды, көбү балдар

4-июнда Кытайдын түштүгүндө бала бакчага кол салуудан улам кеминде 39 киши бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

Ош шаарында 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз катчысы маалымдады.

Ошто март айынын аягына чейин эки жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилет

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир катар жаңы курулуп жаткан балдар бакчаларынын курулуш иштерин текшерип чыкты. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын 100 бала бакча жана мектеби билим берүүнү өнүктүрүүчү долбоорго кошулат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын тоолуу аймактарынын өнүгүүсүн колдоо программасы (MSDSP KG Коомдук фонду), Ага-Хан фондунун демилгеси менен “Мектептер-2030” аттуу 10 жылдык жаңы глобалдык долбоорду баштоодо.

Ошто 2 бала бакча курулуп жатат

Кечээ, 21-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Курманжан датка (Юго-Восток)жана Амир-Темир (Он-Адыр) муниципалдык аймактык башкармалыктарында курулушу жүрүп жаткан эки бала бакчанын курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Ош: Быйыл мектептер 84 пайыз китеп менен камсыз болду

Жаңы окуу жылында Ош шарынын мектептери 84 пайыз китеп менен камсыздалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Дилбар Полотова билдирди.

Өлкөдө акыркы үч жылда 229 мектеп, 16 бала бакча курулду

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасында 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

Ошто 120 орунду бала бакчанын курулушу башталды. Фото

Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районунда 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Алгачкы капсула салууга шаар башчысы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шардык мэриясынан кабарлашты.
load more