Тулада түрмөдөн чыккан тажикстандыктар мекенине алып кетүүнү сурашууда

Орусиянын Тула шаарында түрмөдөн бошонуп чыккан тажикстандык жарандар депортация жайындагы адам чыдагыс абал жана персоналдын начар мамилесине даттанышууда.

Лаура шаарынын тургуну: Иним терезеден канга боелгон кийимин көрсөтүп, жардам сурады

3-июнда Казакстандын Атырау шаарына жакын жайгашкан тергөө абагындагы соттолуучулар камера терезесинен кандын тактары бар кийим көрсөтүшүп, “куткаргыла, тез жардам чакыргыла” деп кыйкырышты. Бул тууралуу “Ак жайык” басылмасы кабарлады.

Прокурор блогер Сыдымановду сот залынан кармап, алты жылга камоону соттон суранды

Прокуратура блогер Элмирбек Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу блогердин адвокаты Али Магеев билдирди.

Акыйкатчы: Камактагы Атамбаев менен Осмоналиев ден соолугу начар болуп жатканын айтышты

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер менен жолугуп чыкты.

Абакта жаткан Сапар Исаков кандай шартта жашайт? Сүрөт

Социалдык тармактарда өлкөнүн экс премьер-министри Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтүн өтөгөн жеринин сүрөттөрү пайда болду. Учурда сүрөттөр интернет колдонуучуларынын талкуусуна алынууда. 

Кыргызстанда абактагы 1000ден ашык адамга мунапыс берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты.

Кыргызстанда түрмөдөгү 200дөй адам ачкачылык жарыялады

Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 10-мартта “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков билдирди.

Садыр Жапаров тарапташтарына абактан кат жолдоп, митингге чыкпашын суранды

ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаров абактан тарапташтарына кайрылуу жасап, бүгүн, 2-мартта боло турган митингге чыкпай эле коюшун суранды. Жапаровдун сураныч катын анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов социалдык тармактарга таратты.
load more