Табият кырсыктары активдешти. 4 миңден ашык үй-бүлө кооптуу аймактарда жашап жатат

Март, апрель айларында сел жана жер көчкү коркунучу активдешти. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырып жатат. Эскертүүлөргө карабай, өлкөнүн кооптуу аймактарында жашап жаткан кожолуктардын саны  4200гө жакын. Алардын катарында мамлекет берген жерге көчпөй жаткандар арбын.

Өмүрүн тобокелге салып, тил катка чейин жазып берген тургундардын көбү өз айылдары мал кармоого ыңгайлуу экенин айтышат же ата конушу  алмашкыс деп эсептештет.  “Ынтымак” Кыргызстандагы кооптуу аймактарды жана анда жашап жаткан кожолуктардын санын эсептеди.

 

 

“Ынтымак” кооптуу аймактарда жашап жаткандар тууралуу бир канча материалдарды жарыялаган. Алардын айрымдары мамлекеттен жер күтүп, кооптуу жерде жашоого аргасыз олтурса, ата конушун таштай албай, көчпөй жаткандар да жок эмес. 

 

Баткен облусунда 94 үй-бүлө көчкү коркунучу бар аймакта жашайт. Алардын ичинен 41и Сүлүктү шаарында жайгашкан. Алдыда жаанчыл аба ырайы күтүлөөрүнө байланыштуу ӨКМдин адистери коопсуз жайга көчүүнү эскертип жатат. Бирок аларга жер тилкелери бериле элек.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген