Табигый жүндөн килем токуган баткендик апалар. Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанытуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Баткен элинде килем токуу байыртан келе жаткан негизги салттардын бири. Аймак эли, бир эле республикага эмес, дүйнө элдерине чейин мыкты жана кооз килемдери менен таанылып келет. Анын үстүнө шарты каттаал аймактарда жумушсуздуктун айынан айымдар килем токуу менен алектенип, тиричилик өткөрөт. Аймакта атайын ушул жаатта иш алып барып, жумушсуз айымдар үчүн кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүүгө алып, колдоо көрсөтүп жаткан “Улуу элдин урпактары” эл аралык фонду. Фонддун төрайымы  Жамила Пазылова эзелтен калган кол өнөрчүлүктөрүн урпактарга калтыруу жана аймактагы социалдык көйгөйлөрдү азайтууга карата өз аракеттерин жасап келген инсандардын бири.

Жалаң кол эмгектен жаралып, табигый нукура жүндөн жасалган килемдер негизинен эки түрдө жасалат. Бириси түк килем болсо, экинчиси какма килем. Экөөнүн айырмачылыгы анын токулганында. Ар бирине ийне-жибине чейин маани берилип, көңүл бурулуп жасалбаса килем мыкты болбой калат. Анын үстүнө узак убакытка чейин колдонуучу буюм болгондуктан, өтө бекем жана бышык болуусу шарт.  Бул максатты аркалай Баткен облусунун Бужум айылынын апалары жаштайынан килем токуунун ар бир керектүү сырын мыкты өздөштүргөн. Алардын бири Шарипа Миңдиева бир орточо көлөмдөгү килемге кетүүчү каражаттарды белгилейт.

Шарипа Миңдиева – килем токуучу:

Биздин өлчөмдөрүбүзгө ылайык, бир какма килемге 8 кг кызыл, 8 кг кара болуп, жалпысынан 16 кг жүн керек болот. Бул килемди болсо негизинен 4-5 аял токуйбуз. Ар кимибиздин өзүбүзгө тиешелүү болгон жумуштарыбыз бар. Аларды ар ким эртеден кечке жасашат. Менин колумда учурда төрт аял кызматташат.

Таланттуу чебер апалардын башып бириктирип, жумуш менен камсыз кылган “Улуу элдин урпактары” эл аралык фонду. Дал ушул фонддун төрайымы Жамила Пазылова элет жерлеринде жумушсуз олтурган  апаларды топтоп иш менен камсыздап келет. Учурда 12 аял килем токуп, жумуш менен камсыздалган. Анын койгон максаттарына ылайык ар бир айылга бирден килем токуу жана кызга сеп даярдоо сыяктуу цехтерди уюштуруп, айылдардагы жумушсуз аялдарды азайтуу. Учурда ал максатта аркалай аракетин көрүп жатат.

Жамила Пазылова –  “Улуу элдин урпактары эл аралык фондунун” Баткен облусу боюнча координатору:

Биринчи эле ишти баштаганда килем цех уюштурууну баштадык. Баткен облусунун Бүжүм айылында эки цехти даярдап уюштурганбыз.  Учурда биричи килем цех иштеп, анда килем түрлөрүн даярдап жатышат, экинчи килем цехи болсо,  даяр болуп калды. Буйруса, жаздан ишти баштайбыз. Алдыда дагы бир максатабыз бар, анда кыздарга сеп даярдоочу цехти уюштурабыз деп аракет кылып  жатабыз.

Айымдар килемди көбүнчө буюртма жолу менен алышат. Бош убактыларында деле токуп, даяр кылып койгондору болот. Аны килем зарыл болуп издеп келген кардарларга сатышат. Килемдин баалары ар түрдүү. Анын көлөмүнө жараша коюлат. Негизи сапаттуу, көп жылга туруштук берүүчү килемдер болуп ушул колдо токулгандар эсептелинет. Килем токуу абдан машакаттуу жумуш. Бирок жаштайынан көрүп, көнүп калышкан апалар үчүн кадимки үй-жумушундай адатка айланган.Чын дилден берилип, өзгөчө гүл чыгарып, сапаттуу продукция жасоо алардын кызматы.

Баткендик апалардын арасында талантуулары да бар. Айылды шаңга бөлөп, ырдаган апалардын негизги максаты жүндөн ар түрдүү буюмдарды жасап чыгаруу. Алар килем жасоо менен гана чектелбестен, сайма сайып, курак курап, кызга сеп да даярдашат. Бирок, алардын негизги куралы жүн болгондуктан, алгач аны даярдап алуусу шартталат.

Назакат Файзуллаева – “Шайыр апалардын” мүчөсү:

Жүндү өзүбүздүн койлордон кыркып алабыз. Кыркып алабыз да, ак кара кылып, аны жууйбуз, тазалайбыз андан кийин гана ийрип берем. Анан кошуналарым канча керек болсо сурашат, 5-10 кг бер дешет даярдап, ийрип берем.

Даяр болгон жип, тазаланган жүндөрдү иштетүү кезеги жууркан-төшөк тиккен шайыр апаларга келет. Алар иштин кыйынчылыгын сезбей, ырдаганча бардык келген буюртмаларды бүтүрүшөт.

Махпурат Абдиламитова – “Шайыр апалардын” мүчөсү. Ал дагы ырды катырып созозолонто ырдаганча эле өз жумушун бүтүрө салат. Анын айтымында:

Буюртамалар болуп турат. Мурун ранга боелгон килемдерге көп болсо, азыр жакшы боелбогон килемдерди жасап берип жатабыз. Мисалы Бишкектен да буюртмалар келип жатат.

Чебер айымдардын колунан түрдүү жүндөн жасалган буюмдар чыгат. Негизгиси килем болсо, калгандары жууркан төшөк жана башка үйгө керектүү каражаттар. Арасында кадимки Айгүл гүлүндөй болгон гүл да бар. Ал да кадимки жүндөн жасалган. Аны көрсөтүп Талас облусуна көчмөндөр оюнуна чейин барып келишкен. Андан сырткары ар кандай кыздардын себине берилүүчү саймаларды, туштук, көшөгөлөр тигилип келет.

Жалпы аймакта көйгөй көп. Өзгөчө алыскы аймактарда, миграция, жумушсуздук, сыяктуу социалдык маселелер бир канча. Аларды көрүп туруп жөн олтура албаган Жамила айым, фонд менен биргеликте бир канча максаттарды ишке ашырууда.  Эң  негизгиси илгертен калган ыйык кол өнөрчүлүгүн урпактарга калтыруу.

Жамила Пазылова –  “Улуу элдин урпактары эл аралык фондунун” Баткен облусу боюнча координатору:

Постундар мисалы кандай сонун буюм эле, мурдагы ата бабаларыбыз кийген кемселдерди тигейли деп жатабыз. Буйруса ошолорду да ишке киргизип алсак. Биз канчалаган адамдардын сообуна калабыз. Канчалагандардын ден соолугу жакшы болот. Биз эң каалап, баалаган нерсе бул ден соолук. Ошондой эле биз ата-бабаларыбыздан калган нукура табигый нерселерди улантууну каалайбыз.

Алыскы аймактарда, жаңы сатуу техникаларын өздөштүрө элек ишкерлерге “Демге дем” медиа борбору тарабынан аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоору – чоң мүмкүнчүлүк жаратууда. Алар өткөн окутуу иштериэлеттик айым ишкерлерге жаңы шарттарды түзүп жатканын алар белгилешет.

Жамила Пазылова –  “Улуу элдин урпактары эл аралык фондунун” Баткен облусу боюнча координатору:

Биздин фонддун каржылоосу аз болгондуктан, дагы кошумча колдоолор болсо жакшы эле. Аяк-быяктан донорлор чыкса. Ушул өзүбүздүн продукцияларды  жанагы сабакта окугандай инстаграм, веб-сайттарга да жайылтып, кардарларды көбөйтсөк. Реклама кылып, сатыкка чыгарсак. Биз ушуну каалайбыз, күндөн- күнгө буюртмаларды көбөйтсөк. Биз азыр токуп, тигип, аракет кылып атабыз. Бирок кардар азыраак азыр. Бизге кардар көп болушу керек. Демек максаттар көп. Келечекте кыргыз элинин байыркы баалуу кол өнөрчүлүктөрү унутулбайт. Тескерисинче өнүгөт деп ишенебиз. Өзгөчө өзгөлөрдү таң калтырып келген Баткен килемдеринин сапаты менен саны да өнүгөт. Алдыда ага жараша чоң аракеттер менен тынымсыз эмгек керек.

Жамила Пазылованын байланыш номери: 0778 565908. “Фейсбук” баракчасы бул жерде.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген