Таанышынын 40 миң долларын алдамчылык жолу менен алып алган жаран кармалды

Алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 6-декабрь күнү ИИМдин тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызын жаран 2019-жылдын 22-март күнү Бишкек шаарынын Ж. Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун жанынан бир таанышы жана анын эки досу Бишкек шаарындагы Дордой базарынын борбордук өтмөгүнүн жанынан контейнер сатып алып бермекчи болуп, алдоо жолу менен жалпысынан жабырлануучунун 40 000 АКШ долларын алышканын билдирген. Ошол күндөн бери бул жарандар контейнерди сатып алып бербей, акча каражатын кайтаруудан качып жүрүшкөндүгү белгилүү болгон.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Адамчылык) каралган кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2019-жылдын 9-декабрь Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 40 жаштагы К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Шектүү Тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген