Таалайгүл Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жарлыкка  Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ал өз арызынын негизинде  ээлеген кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Таалайгүл Исакунованын  айланасында буга чейин бир топ чуулгандуу окуялар айтылган.  Анын чет өлкөлөргө болгон сапарлары, дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгону, өкмөт башчынын  уруксаты жок сапарга чыкканы маалымдалган. Кийинчерээк бул башкы прокуратура тарабынан тастыкталган болчу.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген