Таалайбек Сарыбашов: Соода борборлордогу баалар туруктуу, кооптонууга негиз жок

Оштогу соода борборлорундагы азык-түлүктүн жетиштүүлүгүн бүгүн, 31-мартта вице-премьер-министр Акрам Мадумаров менен мэр Таалайбек Сарыбашов текшерип чыкты.

Алар “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный” соода борборлорунда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшеришти.

Вице-премьер-министр Мадумаров посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып тураарын айтты.

Шаар мэри аталган соода борборлордун жетекчилерине азык-түлүктөрдү буйрутма менен тургундардын үйлөрүнө жеткирип берүү кызматын жандандырууну сунуштады.

“Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле, дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы, бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат» – деди мэр Сарыбашов.

Соода түйүндөрү коменданттык убакытка байланыштуу эрте менен саат 8:00 ден кечки 17:30 га чейин туруктуу иштеп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген