Таалайбек Сарыбашев депутаттарды программасы менен тааныштырды

Мэрликке талапкер Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарын өзүнүн программасы менен тааныштырды.

Таалайбек Сарыбашев эгерде депутаттар жакшы колдоп берсе, ак жана таза кызмат кылаарын айтты.

“Ош шаарын өнүктүрүүгө базар экономикасынан баштап туризм жана ишкерлерди колдоо жагын алдыга коюп жатабыз. Мындан сырткары шаардагы жол тыгынын азайтып, жолдордун абалын жакшыртууга көңүл бурабыз. Эл аралык жолдорду дагы жөнгө салууну пландап жатам. Ошондой эле бала бакчалардын санын көбөйтүү керек. Ош шаарын 2 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөртүп койсо болот. Сиздер колдоп берсеңиздер таза, ак иштеп берем”,- деди Сарыбашев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген