Таң эрте жүз берген кырсык 3 адамдын өмүрүн алды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болсо, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта кырсык бүгүн, таңкы саат 7лер чамасында жүз бергендиги айтылат.

“Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдогу бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген”,- дейт маалымат катчы.

Учурда Таш-Көмүр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп, айдоочунун жана каза болгондордун аты- жөнү такталып жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген