Түштүк региондордон 20 мыкты стартап аныкталды

2-октябрда Ош шаарында Araketchil Fest аталышындагы иш-чара өттү. Бул иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 150дөн ашуун баштапкы жана иштеп жаткан ишкерлер катышты.

2021-жылдын июнь айынан август айына чейин түштүк региондорунан 300дөн ашык  улан-кыздар ишкердик боюнча тренингдерден өтүп, өздөрүнүн бизнес-идеяларын чыныгы стартаптарга айлантуу үчүн билимге гана эмес, практикалык көндүмдөргө да ээ болушту. Өздөрү иштеп чыккан бизнес-пландарын фестивалдын башында калыстар тобунун алдында тааныштырышты.

Талкуу учурунда долбоорлорун кеңейтүү жана өнүктүрүү үчүн 170 000 сомго чейинки грантка ээ болгон 20 мыкты жаш стартаперлер аныкталды. Калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучулар бизнес-пландарынын презентациясына абдан жакшы даярданышкандыгын, ошондой эле катышуучулардын ишкердик чөйрөсүндөгү билим деңгээлин белгилешти.

Фестивалдын экинчи бөлүгүндө тажрыйбалуу ишкерлер спикер катары чыгышты. Алардын бири – «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев. Спикер “Негизги мотивация катары акча табуунун кереги жок, коомго кандай пайда алып келерин ойлонуу алда канча натыйжалуу болот” деп бизнес жүргүзүү алгач жылдарында алган сабагы менен бөлүштү.

Фестивалда “Aлайку Органикс” компаниясынын негиздөөчүсү Аскар Маметжанов да сөз сүйлөдү. Ал жаш ишкерлерге өздөрүнө кумирлерди койбоону жана көрүнүктүү ишкерлерди туурабоону кеңеш кылды. “Эң туура чечим – бул сиздин өсүшүңүздү байкап, өзүңүздү башкалар менен салыштырбоо”, – деди Аскар.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун жарманкесинде жемиштүү тармакка катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Araketchil Fest  “Жаштардын ишке орношуусу – жамааттарды колдоо программасы” долбоорунун алкагында  Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып өттү.      

Аракетчил долбоорунун негизги максаты – долбоордун 42 максаттуу жамаатында 4000 айымдар жана мырзаларды жумуш менен камсыз кылуу. Ага Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнүндөгү 450 км CASA-1000 электр линиясынын боюнда жашаган жамааттар кирет. Долбоор жаштарды эмгек рыногуна жана алар үчүн рыноктук мүмкүнчүлүктөргө даярдоону көздөйт. Атап айтканда, ал жаштар үчүн эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон көндүмдөрдү колдойт, айрым нарк чынжырларында кошумча нарктын түзүлүшүн баса белгилеп, IT, электрондук кызматтарды жана ишканаларды жана ошондой эле алардын потенциалын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Жалпы кызыкчылыгы жана жумуш орундарын түзүү менен жаштар жетектеген топтор.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.