Түштүк Кореядагы абал тууралуу анда жашаган мекендештерибиз айтып берди

Түштүк  Кореяда коронавирустан беш адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөдө жашаган кыргызстандык студенттер билдиришти.

Илдетти жуктуруп алгандардын саны 602ге жетип, 18 адам вирустан айыкты.

 

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ооруну жуктуруп алуудан корккон эл көчөгө чыкпай, чоң соода түйүндөр, китепканалар четинен жабылып жатат.

“Универсиеттерде окуу марттын башында башталышы керек эле, бирок эки жума кийинкиге жылдырылды. Абал кооптуу”,- деп билдирди мекендешибиз.

Түштүк Кореянын бийлиги коронавирус жуктуруп алгандардын санынын кескин көбөйүп кетүүсүн Синчонжи деп аталган диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырууда.

Түштүк Корея коронавирусту жугузуп алган ири үч өлкөнүн катарына кирди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген