Түштүк Кореяда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы Түштүк Кореянын Сеул шаарында да белгиленди. Бул тууралуу “Ынтымакка”  уюштуруучу Айсулуу Аширалиеа билдирди. Эгемендүүлүк майрамы менен бирге Кыргызстан менен Түштүк  Корея Республикасынын дипломатиялык достогунун 26 жылдыгы да өткөрүлдү.

Иш-чарага парламенттин  депутаттары, эки тараптуу мамилени чыңдоого салым кошкон топтордун, компаниялардын жана бирикмелердин өкүлдөрү, Кореяда жашап, эмгектенип, билим алып жүргөн кыргызстандыктар жана  түрдүү улуттун өкүлдөрү катышып күбө болушту.

“Келген конокторго сүрөт жана кыргыз улуттук сувенирлеринин көргөзмөсү уюштурулду. Корей Парламенттик имаратынын кире беришине боз үй тиктик. Кыргыздын   улуттук тамак-аштарын даярдап, суусундуктарынан даам сыздырдык. Ошондой эле Кыргыз-Корей чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа болду. Концертке келген коноктор белгилүү  Корей ырчысы Хве Хен Генг, кыргыз эстрада ырчысы Айжамал Кабылова жана Медербек Жолдошовдун ырларына, Кореядагы “Айпери” бий тобунун бийине жана кыргыз жана корей элинин улуттук кийимдерине күбө болушту”,- дейт  уюштуруучу  Айсулуу Аширалиева.

Келген  конокторго ыраазычылык баракчалары менен белектер тапшырылды.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген