Түштүк Кореяда коронавирус илдети 11 адамдын өмүрүн алды

Түштүк Кореяда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1 146 адамга жетти. Бир эле сутка ичинде вирус 169 адамга жугуп, бир адам каза болгондугун чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда коронавирустан жалпы 11 адам каза болгондугу айтылат.

Илдет менен күрөшүп аткандардын 134ү Тэгу шаарында, 19 адам Кёнсан-Пукто провинциясында жана башка райондордо катталган.

Аталган өлкөнүн Тэгу шаары вирусту жуктурган очокко айланган, анда 2,5 миллионго жакын адам жашайт.

Түштүк Корея коронавирусту жугузуп алган ири үч өлкөнүн катарына кирди

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген