Түштүк Корея коронавирусту жугузуп алган ири үч өлкөнүн катарына кирди

Түштүк Корея эки эле күндүн ичинде коронавирус кеңири тараган үч өлкөнүн катарына кирди. Белгилүү болгондой, биринчи орунда Кытай турса, экинчи орунда карантинге токтотулган круиздик лайнердин жүргүнчүлөрүнүн эсебинен Япония турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда жаңыдан 87 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы вирусту жуктуруп алгандардын саны 433кө жеткен. Аталган өлкөнүн Тэгу шаары башкы очокко айланды, анда 2,5 миллионго жакын адам жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген