Түштүк Африкада кар жаады

Минималдуу температуранын көрсөткүчү кечээ кечинде Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндө катталды, ал жерде азыр кыш деп, чет элдик ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Түштүк Африканын синоптиктери 24-июлга караган түнү өлкөнүн 19 аймагында эң төмөнкү температуранын тарыхый рекорддору жаңырганын билдиришти. Кимберли шаарында жана ага жакын аймактарда үшүк минус 9,9 градуска жеткен. Метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилинде мындай катуу суук болгон эмес. Йоханнесбургда кечээ кечинде абанын температурасы минус жети градуска чейин төмөндөдү. Буга чейин эң суук аба ырайы – 6,3 градус Йоханнесбургда 1995-жылы 19-июлда катталган.

Көптөгөн жылдардан бери кар алгачкы жолу Түштүк Африканын ар кайсы аймактарында жаады. Жергиликтүү “SABC” радиостанциясынан балдар жана өспүрүмдөр бул аймактарда кар жаагандыгын биринчи жолу көргөнүн белгилешти. Муздан улам көптөгөн унаа жолдору жабылды.

Учурдагы үшүк Африканын түштүгүнө Антарктидадан келген. Антарктида континенти түштүк чекитинен болжол менен 4 миң км аралыкта жайгашкан. Суук аба ырайы Түштүк Африкада дагы бир жумага созулат деп күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.