Түштүк Африкада аял он эм төрөдү

Түштүк африкада 37 жаштагы Госиаме Тамара Ситхоле, Преториядагы ооруканада кесарево жолу менен он ымыркайды төрөдү. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматынан билдиришти.

Белгилей кетчү нерсе, аял медициналык текшерүүдөн өткөндө дарыгерлер сегиз гана эмбрионду тапкан.

Тамаранын күйөөсү Тебохо Цотесинин Pretoria News гезитине берген маегинде, Ситхоле кош бойлуулуктун 29-жумасында төрөгөнүн айтылат:

“Булар жети эркек бала жана үч кыз. Ал кош бойлуулуктун жетинчи айында жана жетинчи күнүндө төрөдү. … Мен бактылуумун, эмоцияларга толуп ташып турам”, – деп айткан ал.

Соода тармагында менеджер болуп иштеген Ситхоленин 6-жаштагы эгиз балдары бар.

Ушул жылдын башында дарыгерлер ага алты бала күтүп жаткандыгын айтышканда, ал аларга араң ишенген. Андан ары сканерлегенде Ситхол сегизди күтүп жаткандыгы аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.