Т.Сарыбашев мэр болгондон бери алгачкы кенен интервьюсун «Ынтымак» ТВга берди. Эмнелерди айтты?

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Ынтымак» телеканалына маек берип жатып, калаадагы көп сындалган маселелерге токтолду. Алардын бири Ак бура дарыясынын үстүнө салынган подиум маселесине токтолуп, өзүнүн пикирин билдирди.

Ошондой эле, орун басарлары тууралуу сындарга да жооп айтты. Мисалы: шаардын биринчи вице-мэринин кызматка келгени боюнча коомчулуктун сындары, социалдык маселелер боюнча орун басарына шаардык кеңештин депутаттарынын эскертүүсү, жаңы мэр болуп келгенде аларга убакыт берилгенин айтканы, ал убакыт соңуна чыктыбы, мына ушул маселелер боюнча айтты.

Сарыбашов мэр болуп келген 2 айга жакын аралыкта кандай убадаларды берип, кайсылары аткарыла баштаганы, алдыда кандай иштер күтүп турганы боюнча кеп салып берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген