Төртүнчү кабаттан бой таштаган аялга кылмыш иши ачылды

Ош шаардык милициясы төртүнчү кабаттан ымыркайы менен кошо бой таштаган аялга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу  ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Наристеси менен бой таштаган  аялга «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча кылмыш  иш ачылды. Азыр жабыркаган баланын келечек тагдыры- социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери менен каралууда.

« Азыр аялга карата КРнын кылмыш кодексинин 28-97 беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экенин эске алып, кылмыш иши козголду»,-деди Замир Сыдыков.

Эске салсак,  кырсык 6-сентябрда кечке жуук Черемушки кичирайонунда болгон. Үй-бүлөлүк жатакананын төртүнчү кабатынан 40 жаштагы аял уулу менен бирге жерге боюн таштаган.  Азыр аман калган эне-бала облустук оорукада дарыланып жатат.

Сүрөт: Т-Медиа

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген