Түрмөдөн качкан кылмышкер жазаланбайт. Германия жөнүндө кызыктуу 8 факт

Германия дүйнөнүн ар бурчунан келген саякатчылардын көзү менен укмуштуу өлкө деп эсептелет. Бул өлкөгө болгон саякат байыркы маданияттын көптөгөн архитектуралык эстеликтери: орто кылымдагы сепилдер, монастырлар, сарайлар менен таанышууга кызыктырат. Көптөгөн театрлардын жана музейлердин эшиктери меймандар үчүн ар дайым ачык.

1. Түрмөдөн качканы үчүн кылмышкер жазаланбайт. Анткени, Германиянын соту адамдын эркиндикке болгон каалоосун актайт. Эгер, кылмышкер кармалса, анда ал жөн гана калган жазасын өтөп чыгат. Эгер кармалбаса, анда ошол бойдон калат.

2. Германияда велосипедчендер аябай көп. Статистика боюнча, 80 немиске 60 велосипед бар. Бул транспорттун негизги түрлөрүнүн бири. Кышында да көп колдонулат. Велосипед тебүү үчүн, бала лицензия алуу боюнча экзаменден өтүшү керек.

3. Германияда колбасанын 1500дөй түрү, нандын 300 түрү жана сыранын 5 миңге жакын түрү бар. Ошондой эле өлкөдө бир нече нан музейлери бар.

4. Гамбургда 2500гө жакын көпүрө бар. Бул Лондон, Амстердам жана Венециядагы көпүрөлөрдүн жалпы саны менен салыштырганда да көп.

5. Германиянын почтасы дүйнөдөгү эң тез жана системалуу иштеген кызматтардын бири. Анда жарым миллиондой кызматкер иштейт. Болжол менен 95% өлкө ичинде почта билдирүүлөрү жөнөтүлгөндөн кийинки күнү келип түшөт.

6. Мюллер фамилиясын болжол менен 320 миң немис алып жүрөт. Бул Германиядагы эң кеңири тараган фамилия.

7. Германиялык бир адам жылына 106 литр сыра ичет. Бул көрсөткүч боюнча Германия жашоочулары Чехия жана Австриялыктардан кийин 3 орунду ээлейт.

8. Эң узун сөз немис тилинде : Rechtsschutzversicherungsgesellschaften. Бул сөз укуктук коргоону камсыз кылган камсыздандыруу компаниясы дегенди түшүндүрөт.

Түштү акылдуу адамдар гана эстеп калышат. Түш жөнүндө 5 факт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.