Түркмөнстанда окуучуларды мажбурлап пахта теримге жөнөтүшүүдө

Түркмөнстандын түндүгүндөгү аймактарда балдарды пахта тердирүү үчүн мажбурлап талааларга алып кетишүүдө.

Дашөгүз облусунда жети жана андан жогорку класстын окуучуларын түштөн кийин пахта терүүгө чыгарышууда. Аларга түштөнүүгө да мүмкүнчүлүк берилбей жатканы айтылууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, акыркы жылдары балдарды жапырт түрдө пахта теримге тартуу өнөктүгү мынчалык байкалган эмес.

Маалыматтарга караганда, айыл чарба иштерине чыгып жүрүшкөн бюджеттик мекемелердин кызматкерлери ушул тапта “Амуль-Хазар 2018” автораллисине катышууда. Мындан тышкары 16-сентябрда “Ак караван” иш-чарасы өтүп, пахта жүктөлгөн унаалар жүрүш жасайт. Андыктан жергиликтүү бийлик окуучулардын жардамы менен түшүм майрамына даярдык көрүүгө аргасыз болууда.

Бул арада быйыл фермерлердин көбү акы аз төлөнгөндүктөн пахта терүүдөн баш тарткан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстанды мажбурлап пахта тердирүү тажрыйбасынан баш тартууга жыл сайын үндөп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген