Түркмөнстанда нан тартыштыгы күч алды

Ашхабадда тургундар нан сатып алуу үчүн мамлекеттик дүкөндөрдүн ачылышына эки саат калганда — түнкү саат үчтө эле чогулуп, кезекке туруп жатышат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар караңгыда дүкөндүн кире бериштеринде түртүшүп, нааразы болуп, өз ара чырдашканга чейин барган учурлар да болууда.

Дүкөндөдүн көбүнүн алдында тартипти көзөмөлдөө үчүн полиция кызматкерлери да коюлган.

Нан тартыштыгы жана дүкөндөрдүн алдындагы кезектер жаңы жылдык майрамдардан кийин күчөгөн.

Түркмөнстандагы мамлекеттик дүкөндөрдө нан 0,6 манаттан (0,03 доллар) жана ар бир кишиге үчтөн гана сатылат. Башка дүкөндөрдө нандын баасы 4 манатка (0,2 доллар) чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.