Түркмөнстан жашырган жаратылыш кырсыгы: моргдо сөөктөр толуп кеткенби? ВИДЕО

2020-жылдын, 27-апрелинде болгон жаратылыш кырсыгы Түркмөнстандагы миңдеген адамдарга сокку урду. Көп жабыркаган Лебап облусундагы жүздөгөн үй-бүлөлөр үй-жайсыз калып, жарат алган адамдар облустук ооруканага толуп кеткен. Кырсык болуп өткөн жерлерде бир дагы жабыр тартпаган имарат калган эмес. Шамал үйлөрдүн чатырларын сыйрып, айнектерди кыйраткан. Автоунаалары талкаланып, үйлөрдүн дубалдарын көчүргөн. Мындан улам, адам өмүрлөрү кыйылып, каза болгондордун сөөктөрү моргдорго батпай калганы айтылды.

Түркмөнстанда болгон акыркы жаратылыш кырсыгы бир канча калктуу конуштарга, жайкын тургундарга катуу сокку болду. “Кумдуу куюндан” улам миңдеген адамдын үй жайы жараксыз абалга келип, алар суткалап газсыз, суусуз, жарыксыз калышты.

Бул видео “turkmen.news” сайтынын телеграм каналынан алынды.

Адам өмүрлөрү кыйылып, каза болгондордун сөөктөрү моргдорго батпай, коридорлорго чейин чыгып калганын жана дайыны чыкпай аткандардын саны да көп экенин “Түркмөн ньюс” сайты жарыялады. Алардын маалыматтарына караганда, өлгөндөрдүн арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар. Бирок расмий бийлик мындай маалыматтарды жашырып жатат. Ал эмес, кырсыктан калган калдыктарды смартфондорунда тартып алгандар камалып жатат. “Түркмөн хроникасы” жазгандай, кыйроолорду тартып алганы үчүн жергиликтүү полиция бөлүмүндө 3 суткадан бери 66 адам камалып жатат. Ушинтип фото жана видео тарткандар андан ары изделүүдө.

Жаратылыш кырсыгы жүз бергенден кийин жер титирөө болуп, суу ташкыны келээри тууралуу сөз тарап, көпүлүк үйлөрүн таштап, ай талаага качып чыгышкан. Мындан кийин талап-тоноочулук күчөгөн. Алар дүкөндөрдү, дарыканаларды тоноп кетишкен. Ал эми адамдар күйө турган үй буюмдарын жарып, сыртка от жагып, тамак жасап жегенге аргасыз болушту.

Азыр Түркмөнабадда кырсыктын кесепеттерин жергиликтүү тургандар өздөрү жоюуга аракет көрүшүүдө. Айрым мамлекеттик органдардын, мектептердин жана бала бакчалардын имараттарын аскерлер тазалап жатат. Алардын курсагын тойгузуу мугалимдерге жүктөлгөн. Ал эми мамлекеттик бардык кызматкерлер шаардын көчөлөрүн, кичи райондорду, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоого тартылды.

Өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов кырсык болгон жерде көрүнгөн эмес. Бирок борбордук вокзалга, сыягы борбор шаар Ашхабаддан бир топ машиналар барып токтоп турганы айтылды. Аны – мүмкүн президент келип кетти дешти.

Жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттары кырсык тууралуу маалымат беришкен жок. Негизги делген 3 мамлекеттик маалыматтык интернет булактарында да бул жаратылыш кырсыгы боюнча маалымат табылган жок. Ал эми мамлекеттик эмес маалымат каражаттары Түркмөнабаддагы акыркы кырдаалды жергиликтүү тургандарга шилтеме берип жарыялап жатышат. Алардын маалыматтарында Бердымухаммедов кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча берген тапшырмасы учкай айтылат.

Буга чейин маалым болгондой, Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 27-апрелде түштөн кийин катуу шамал башталып, жер-жерлерде жамгыр аралаш мөндүр жааган. Табигый кырсык андан ары өлкөнүн түштүк-чыгышына жайылып, Мары облусун, андан кийин Лебап облусун толук камтыган.

Өлкөдө жаратылыш кырсыгы катталгандан 3 күн өтүп, 30-апрелде, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Ооганстанга Рамазан айынын келиши менен азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам жөнөткөн. Ал 2-майда жеткирилгенин расмий маалымат булактары жарыялады.

Ал эми жаратылыш кырсыгынан Түркмөнстандын Лебап облусундагы жүздөгөн үй-бүлөлөр үй-жайсыз калды. Балкондордон жыгылгандар, электр тогун өткөрүүчү чыбалгылар, спутник антенналар менен шиферлер башына түшкөн адамдар, облустук ооруканаларда толуп калганы айтылууда.

Фото: turkmen.news, hronikatm

Сардоба суу сактагычын курууда коррупцияга жол берилгени айтылууда

Биздин YOUTUBE каналыбызга катталып, акыркы жаңылыктарды көрүп туруңуз!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген