Түркмөнстан Ооганстан менен чек арага аскерлерин жөнөттү

Түркмөн бийлиги Ашхабаддагы резервдик күчтөрүн даярдай баштады. Түркмөн-ооган чек арасына оор артиллерия, аскердик тик учактары тартылууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Мары шаарына жакын жердеги гарнизондун бир бөлүгү чек ара аскерлерин бекемдөө үчүн чек арага которулган. Кеп учак экипажынын согушкерлери, тик учактары жана аскер кызматкерлери жөнүндө болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түркмөнстандын коопсуздук органдарынын жогорку даражалуу кызматкери билдирди.

Мары Түркмөнстан менен Афганистандын ортосундагы негизги чек ара бекети – Серхетабаддан 400 чакырым түндүктө жайгашкан.

Ошол эле учурда Түркмөнстан чек арадагы кооптуу кырдаалдын фонунда Талибандын өкүлдөрүн Ашхабадга чакырганы кабарланды. Талибандын Катардагы өкүлү Мухаммад Наим Ашхабаддагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты тастыктады.

“Алар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу экономикалык жана саясий байланыштарды, ошондой эле коопсуздук жана чек ара маселелерин талкуулашты. Ислам Эмирлиги кыймылынын өкүлдөрүн Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары тосуп алды “, – деди Талибандын расмий өкүлү.

Түркмөнстан менен Афганистандын жалпы чек арасынын узундугу 800 чакырымды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.