Түркмөнстан Каспий деңизи аркылуу Казакстанга чейин көпүрө курарын жарыялады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Каспий деңизи аркылуу Казакстанга чейин өтүүчү көпүрө курула тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу Нейтралдуу Түркмөнстан билдиргенин Nur.kz жазып чыкты.

Бердимухамедов Балкан регионунда болуп, ал жакта Карабогазгол кысыгын дагы карап чыкты. Түркмөнстандын башчысы кысык аркылуу өтүүчү көпүрө жол тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жакшыртат деп эсептейт.

Көпүрөнүн курулушу мамлекеттер ортосундагы логистиканы тездетип, инфраструктураны кеңейтет. Мындан тышкары, Түркмөнстандын лидеринин айтымында, көпүрө коңшу мамлекеттер менен өз ара сооданы жеңилдетип, өнүктүрүп, экономиканы чыңдай алат.

План боюнча, бул көпүрө Ашхабад-Түркмөнбашы унаа жолу менен туташышы керек. Бердымухамедов ушундай ири объектини куруу үчүн тендер жарыялоону тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.