Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар адамдар изделүүдө. Сүрөт

Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар адамдар изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Анда маалымдалгандай, 2021-жылдын 9-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б” жана “П.Т.” кармалып, эки айга УКМКнын тергөө камак жайына камалышкан.

Ошондой эле жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды.

Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.

УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.