Түркиялык мусулмандар ажырашуунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты

Аялын «апа»же «эже» деп атаган эркек жубайы менен ажырашты деп эсептелет. Бул жөнүндө Түркиянын ЖМКлары дин башкармалыгынан келген маалыматтын негизинде жазып чыгышкан.

“Эркек киши “аялым, келинчегим же жубайым” эмес, “эже, апа” деп атап коюп эле ажырашып кеткенге болот. Бирок жубайлар мурда ажырашпаган болсо жана кайрадан чогуу жашоону чечишсе, анда нике окуп, бир үй-бүлө катары жашай берсе болот”-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин дин иштеринин башкармалыгы тарабынан “жубайлар телефон, факс жана интернет аркылуу ажыраша алышат” деген фатва басылмаларга чыккан. Бул үчүн күйөөнүн “талак” деген сөздү үч жолу айтып коюусу жетиштүү болгон.

Август айынын аяк ченинде Индиянын жогорку соту эркек мусулмандарга”талак” сөзүн колдонуп, “көз ирмемдик ажырашууга” тыюу салган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.