Түркиялык компания Кыргызстанда монорельстүү транспорт тутумун курууну ниеттенүүдө

Түркиянын “Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş” компаниясы Бишкекте монорельстүү транспорт тутумун куруу маселесин кылдаттык менен изилдеп жатат жана буга чейин монорельстин курулушу үчүн потенциалдуу жайлар менен таанышып чыккан. Бул тууралуу инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары учурунда инвестициялар министрлиги менен Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Şнын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган, анда кызматташуунун бир жагы Кыргыз өлкөсүнүн борборуна монорельстүү транспорттук тутумду киргизүү болуп саналат.

Ушул меморандумду ишке ашыруунун алкагында, 12-14-июль күндөрү түрк компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Нежметтин Генчилмаз жана компаниянын технологу Йылгай Йылмаз Бишкек шаарынын транспорт тутумун изилдөө үчүн Бишкекке келишти.

13-июль күнү, инвестициялар министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте монорельстүү транспорттук тутумду куруу үчүн потенциалдуу аянтчалар менен таанышуу үчүн түркиялык өкүлдөр менен жеринде таанышуу иштерин жүргүзүштү.

14-июлда, инвестициялар министрлигинин ордунда мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрүнүн түрк компаниясынын жетекчиси менен долбоордун ишке ашырылышын кеңири талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.