Түркиялык дарыгер Кыргызстанда гемодиализ менен ооругандар үчүн фистулаларды коет

Кайрымдуулук гуманитардык акциянын алкагында Түркиядан келген жүрөк-кан тамыр хирургу Наим Эрен Бишкек жана Ош шаарларында 24 бейтапка операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, акция аталган башкармалык тарабынан уюштурулган. Адис Кыргызстанга бир күн мурун, 1-июнь күнү келген. Тамырларда көйгөйлөр жаралган гемодиализ бейтаптарына фистула орнотулат. Келечекте бул акцияны туруктуу негизде улантуу пландаштырылууда.

Наим Эрендин айтуусу боюнча, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар ар бир үч күндө гемодиализден өтүп турушат.Аны бир нече жолу жана коопсуз ишке ашыруу үчүн бейтаптын колуна фистула орнотуу керек.

Ал төрт күн ичинде ушул сыяктуу операцияларды жасап, кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйбасы менен бөлүшөөрүн айтты.

Гемодиализ үчүн фистула (латын тилинен которгондо – “түтүк”) – бул ири артерия менен жакын жайгашкан венанын ортосундагы байланыш, хирургиялык жол менен оорулуунун өз тамырларынан жаратылган.

Операция учурунда ал артерияга жана венага сайылып, диализ үчүн жетиштүү ыңгайлуу шарт түзүлөт. Артериовеноздук фистула тромбозго жана жугуштуу ооруларга көп кабылбайт жана көп жылдар бою иштей берет.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.