Түркияга кирүүгө тыюу салынган түркмөн жараны өз жанын кыйды

Ашхабад аэропортунда Түркияга уча турган каттамга кирүүгө үч жолу тыюу салынган Дашөгүздүн жашоочусу асынып алды. Бул тууралуу түркмөн кызматы кабарлады.

Дашөгүз облусунун Акдепе районунун жашоочусу үч жолу Түркияга учууга аракет кылып, бирок үч жолу тең уча алган эмес. Анын сыртка чыгуусуна эч качан уруксат берилбестиги айтылгандан кийин, ал үйүнүн жанындагы бакка асынып алган.

Бул окуя апрель айынын орто ченинде болгон. Маркумдун жакын туугандарынын айтымдарында, анын мындай кадамга барышына Түркияга баруу үчүн карызга алган акчасын кайтарып бере албай калгандыгы себеп болгон.

«Материалдык абалы начар болгондуктан, ал балдарын тамак-аш менен камсыз кылып, мектепке керектүү нерселерди сатып бере алган эмес. Үстөк пайызы менен көп карыз алган. Түркияга баруу үчүн бардык керектүү документтерди даярдап койгон. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан жок. Карыздарынан кутула албай калгандыктан, өз жанын кыйды», — деп билдиришти туугандары.

Алардын айтымдарында, ал өлүм алдында жумушсуздуктан жана жакырчылыктан тажагандыгы тууралуу кат жазып калтырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген