Түркияда өткөн турнирде Кыргызстандык жеңил атлетчи эки медалга ээ болду

Түркиянын Болу шаарында болуп өткөн эл аралык турнирде жеңил атлетика боюнча спортчу Арстанбек Базаркулов утушка жетип, эки медалдын ээси болду. Бул тууралуу жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Алардын айтымында, ал өзөктү ыргытууда (метание ядра) (8 метр 20 сантиметр) алтын медалга ээ болгон, ал эми найза ыргытууда коло медалдын ээси болду. (23 метр).

Эске салсак, Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадалык оюндарга лицензия утуп алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.