Түркияда таштанды тазалоочулар ыргытылган китептерди чогултуп китепкана ачышты

Анкарада таштанды тазалап иштеген жарандар таштандыдан чогулган 5 000 китеби бар китепкана ачышты. Жаңы китепкана кароосуз калган кирпич заводунда ачылып, анын негизги окурмандары шаардын таштанды тазалоочулары.

Бул жерге жайгаштырылган китептер жөнөкөй эмес, “куткарылып калган” китептер. Анткени тазалык өкүлдөрү аларды шаардын түштүгүндөгү Чанкай кварталындагы таштандыдан чогултуп алышкан.

Ыргытылган китептердин баалуулугун билген таштанды чогултуучулар аларды кайра иштетүү үчүн жөнөтүүнү туура көрүшкөн эмес. Алар китептердин дагы да өмүр сүрүшүн, адамдардын сабаттуулугунун жоюлушуна жардам беришин кааалашып, биргеликте китепкана ачуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

“Биз чогулткан китептер бирөө үчүн баасы жок болсо, башкасына сөзсүз керек”,- дешти тазалык кызматкерлери.

Китептерге өмүр берген таштанды чогултуучулар бир жылга жакын убакытта 5 000дей китеп чогултушкан. Китептер француз жана англис тилинде болуп, арасында “Гарри Поттерден” баштап, Чарльз Диккенстин романдары да табылган.

“Куткарылып калган” китептерден куралган китепкананын кире беришинде “окуу бурчу” деген жазуу илинип турат. Таң эртеден ачылган окуу бурчу кечки саат 17:00го чейин өз окурмандарын күтөт. Ал эми тазалык ишканасынын кызматкрлери үчүн китепкана күн-түн дебей иштейт. Ошондой эле жаңы ачылган китепканга муниципалдык жумушчулардын балдары, жакын жердеги мектептердин окуучулары же жөн гана велосипед тээп бара жаткан адам да кире алат. Китептерди ошол жерде окуганга да, үйгө эки жумага алып кеткенге да болот.

20 жаштагы китепкананын башчысы 147 китепти окурмандар үйлөрүнө алып кеткендигин айтты.

Тазалык сактоочу кызматкерлердин бул аракетинин натыйжасында китепкана тууралуу бүткүл Түркия эле эмес, башка өлкөлөр да биле баштады. Китепкананы ачкан “Таштанды” фондуна курмандык болуп түшкөн каражаттардын саны улам-улам кеңейип жатат.

Жакырчылык билим алууга жолтоо боло албастыгын далилдеген жаратман бала баяны

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген